Туризм маселелерине арналган көчмө жыйын өз ишин баштады

Бүгүн, 17-декабрда Жогорку Кеңештин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин “Кыргыз Республикасынын туризми: 2013-жылдын жыйынтыгын чыгаруу, туризм тармагын өнүктүрүүнүн көйгөйлөрү менен келечеги” маселесине арналган көчмө жыйын өз ишин баштады. Бул туурасында Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди. 

Көчмө жыйындын ишине Жогорку Кеңештин депутаттары Алла Измалкова, Дастан Бекешев, Майрамкүл Тиленчиева, Элмира Жумалиева, КРнын  Вице-премьер-министри Камила Талиева, КРнын Маданият, маалымат жана туризм министри Султан Раев, эл аралык уюмдардын өкүлдөрү катышууда.

Жыйын жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын туризми, Туризм тармагындагы салык:, Туризм тармагын каржылоо, Ысык-Көлдүн күңгөй жээгинде туризмди өнүктүрүү маселелери талкууланат. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан