Бишкекте балаты базары иштеп жатат (Фоторепортаж)

Бишкектеги Ботаникалык бактын жанында - Ахунбаев менен Шабдан баатыр көчөлөрүнүн кесилишинде балаты базары иштеп жатат. 

Базар Жаңы жылга чейин иштейт жана бул жерде Тянь-Шань, Канада, Орусия жана Кыргызстандын 10го жакын түрү коюлган балатыларды сатып алууга болот. 

50 сантиметр канадалык балаты 1 500 сом болсо, 3 метри 8 000 – 10 000 сом турат. Ал эми жергиликтүү балатыларды 1 500 сомдон – 3 000 сомго чейинки баада сатылууда. Бардык балатылар жерге отургузууга ылайыкташкан. 

Ушул сыяктуу соода жарманкеси 28-29-декабрда Ибраимов жана Жумабек көчөлөрүнүн кесилишинде өтөт. Анда айыл чарба товарларынан тартып балатынын оюнчуктары сатыкка коюлат. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан