Эртең, 18-декабрда саат 9-00дөн 17-00гө чейин Чүй облусуна караштуу Жайыл районундагы Полтавка айылында электр берүү чубалгыларын өсүп кеткен бак-бутактарынан тазалоо иштерине байланыштуу убактылуу электр энергиясы өчүрүлөт. Бул тууралуу "Түндүк электр" ишканасы билдирди.
Мындан сырткары 19-декабрда Панфилов районуна караштуу Кайыңды шаарынын бир бөлүгүндө "Кайыңды" көмөкчордонунан тараган 10 кВ аба электр берүү чубалгыларындагы оңдоо иштерге байланыштуу электр энергия үзгүлтүккө учурашы мүмкүн.