Өкмөт башчы Орусияга энергетика тармагында жаңы долбоорлорду сунуштады

Кыргызстан Орусияга энергетика тармагында башталган ийгиликтүү кызматташтыкты улантууну, ага кошумча жаңы долбоорлорду ишке ашырууну сунуштайт. Бул тууралуу бүгүн, 17-декабрда кыргыз-орус өкмөттөр аралык кеңешинин жыйынында КРнын Премьер-министри Жантөрө Сатыбалдиев билдирди. 
Ал учурда Жогорку-Нарын ГЭС каскады жана Камбар-Ата 1-ГЭСи боюнча энергетикалык кызматташтык активдүү жүрүп жатканын белгиледи. 
Биринчи объект боюнча курулуш башталганын, экинчисинин техникалык - экономикалык негиздемеси аяктоо алдында тургандыгын айтты. "Ушул эле ыргак менен кубаттуулук иштеп чыгуучу тармакта жаңы долбоорлорду ишке ашырууну улантсак болот",- деди Сатыбалдиев.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан