"Манас" аэропортундагы Транзиттик жүк ташуу борбору ишин токтоткондон кийин Орусиянын авиакомпаниялары менен кызматташтык башталат" дейт өкмөт башчы

Эл аралык "Манас" аэропортундагы Транзиттик жүк ташуу борбору ишин токтоткондон кийин Орусиянын авиакомпаниялары менен активдүү кызматташтык башталат. Бул тууралуу бүгүн, 17-декабрда кыргыз-орус өкмөттөр аралык кеңешинин жыйынында КРнын Премьер-министри Жантөрө Сатыбалдиев билдирди.
 
Анын айтымында, Кыргызстан "Манас" аэропортунун базасында эл аралык жүргүнчү жана жүк ташуучу авиахабды түзүүгө ниеттенип жатат. Бул иште республика Орусия тараптын жардамын күтүүдө. Мындан сырткары өкмөт башчы темир жолдорду өнүктүрүүнүн мааниси зор экенин баса белгиледи. Ошондой эле Орусия - Казакстан - Кыргызстан – Тажикстан темир жолунун курулушунун долбоорун тездетүү зарыл экендигин кошумчалады.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан