Пенсияга чыга электер каза болгондо сөөк коюуга канча жөлөк пул берилет? Эмгек министрлигинин жообу 

Пенсияга чыга элек жарандар каза болгон учурда сөөк коюуга жөлөк пул иштеген кызматына жараша берилет. Бул тууралуу бүгүн, 28-декабрда Жогорку Кеңештин жыйынында Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин өкүлү билдирди.

Жыйында "Маркумду узатуу жана сөөгүн жайга коюу иши жөнүндө" мыйзам каралып жаткан. Талкуу маалында депутат Бактыбек Чойбеков пенсияга чыга элек жарандар каза болгон учурда сөөк коюуга жөлөк пул берүү маселесине кызыкты.

Ага Эмгек министрлигинин өкүлү сөөк коюуга жөлөк пул маркумдун мурда иштеген кызматына, алган маянасына жараша категорияларга бөлүнөрүн, 1438 сомдон 7189 сомго чейин берилерин айтты.

Чойбеков бул токтом 2010-жылы кабыл алынганын, андан бери 13 жыл өткөнүн белгилеп, бул сумманы көтөрүү маселесин кароону тапшырды.

Белгилей кетсек, Соцфонддун төрагасынын орун басары пенсионерлер каза болгон учурда сөөк коюуга 31 миң 700 сом өлчөмүндө жөлөк пул берилерин билдирген.

Жогорку Кеңеш 28.12.23.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан