Чехиялык полиция кызматкерлери Прагадагы Карлов университетинде ок чыгарган студенттин үйүнөн Праганын четинде эки адамды өлтүргөнүн мойнуна алган катты табышты. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
"Кылмышкер катта кол салууну Клановице токоюнда жасаганын жазган. Биз катты таптык", - деген полициянын өкүлү.
Полиция ошондой эле кат өткөн аптада тинтүү учурунда табылганын кошумчалады. Окуя боюнча иликтөө иштери жүрүп жаткандыктан, полициянын басма сөз катчысы каттын мазмунун ачыктаган эмес.
Эске сала кетсек, 21-декабрда Праганын борборундагы Карлов университетинде болгон атышуудан 14 адам курман болуп, 25и ар кандай деңгээлдеги жаракат алган.