5 жыл аралыгында 50 миң гектар жаңы жер өздөштүрүлүп, 300 миң жаңы жумуш орундары түзүлөт. Бул туурасында кечээ, 17-декабрда КРнын Экономика министри Темир Сариев Жалал-Абад облусундагы активдер менен жолугушуу учурунда билдирди.
Анын айтымында, ар жыл сайын 10 миң гектар жер өздөштүрүлөт. Ошондой эле 2017-жылга чейинки өнүгүү стратегиясына ылайык, дүң продукциянын көлөмү 2 эсеге көбөйүшү керек. Ал эми жалпы дүң продукция 900 миллиард сомдун тегерегинде болушу күтүлөт.