Тазабек Икрамов: "Жаңы туу ардактуу кароолдун коштоосунда көтөрүлүшү керек эле"

Жаңы туу гимн ойнолуп, ардактуу кароолдун коштосунда көтөрүлүшү керек. Мындай пикирин Жогорку Кеңештин депутаты Тазабек Икрамов Фейсбуктагы баракчасына жазды.

"Ырас, Жогорку Кеңештин көпчүлүк депутаттарынын добуш берүүсүнөн өтүп, Президент кол койгондон кийин жаңы туу расмий түрдө аз массовка болсо да, жок эле дегенде мамлекеттик катчынын катышуусунда гимн ойнолуп, ардактуу кароолдун коштоосунда көтөрүлүшү керек эле. (Душман гана тууну жашырынып келип алмаштырат. ) Тилекке каршы, андай болбоду.

Ошол жерде жалпы ММКанын катышуусунда мамлекеттик катчы тууну оңдоп, түзөөгө эмне негиз болгонун жана кайсы жерлерине түзөтүү киргенин айтып беришсе болмок. Туу жөнөкөй маселе эмес. Бул бүтүндөй бир идеология! Андан тышкары, желектин ЖКда сунуш кылынган варианты башка, википедияда башка, илинген желектин өңү башка болгону жалпы элдин нааразычылыгын гана жаратат. Бул боюнча тез арада Президент башында турган мамлекеттик комиссия түзүлүп, тиешелүү адамдар жоопко тартылышы керек. Ансыз нааразычылык көбөйө берет", - деп жазды Икрамов.

“Ала-Тоо” аянтына жаңыланган туу 1-январда илинген. Андан кийин анын нурлары 40 эмес, 39 экенин айтып, нааразычылыгын билдиргендер болууда. Мындан сырткары, Жогорку Кеңеш бекиткен эмес, башка желек илингенин айтышууда. Мындай пикирлерге президенттин маалымат кызматынын башчысы Дайырбек Орунбеков жооп берип, ушактарга ишенбей аянтка келип туунун нурларын санап кетүүгө чакырган.
Мамлекеттик тууну өзгөртүү тууралуу мыйзам расмий 2023-жылдын 26-декабрынан тарта күчүнө кирген.
Президент Садыр Жапаров аталган мыйзамга 22-декабрда кол койгон. Ага ылайык, мындан ары Кыргызстандын туусундагы түндүк 4 чамгарактуу болуп, күндүн нурлары түз тийген формада желбирейт.
Желектин элементтерин өзгөртүү боюнча мыйзам долбоорун төрага Нурланбек Шакиев менен депутат Улан Примов жазып, 28-сентябрда коомдук талкууга коюшкан. Бул демилге коомчулуктун нааразычылыгын жаратып, көпчүлүк эл тууну өзгөртүүгө негиз жок экенин айтып чыгышкан. Аны Жогорку Кеңеш 20-декабрда экинчи жана үчүнчү окууда талкуусуз дароо кабыл алган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан