Орусия “Манас” жана Ош аэропортун иштетүүнү сурады
Бул тууралуу кечээ, 17-декабрда Бишкекте өткөн кыргыз-орус өкмөттөр аралык комиссиянын жыйынында белгилүү болду. Анда орусиялык “Новапорт” ишканасы аталган аэропортторду узак мөөнөттүү ишенимдүү башкарууга берүүнү сунуштаган. Ага ылайык, орусиялык компания аэропорттордун учуу-конуу тилкелерин, терминалдарын өнүктүрүү жана логистикалык борбор куруу милдетин алат. Комиссиянын жыйында эки өлкөнүн өкмөттөрүнө бул багыттагы келишимди иштеп чыгуу тапшырмасы берилди.