"Камбар-Ата-1" жана Жогорку Нарын каскадына мартка чейин жер бөлүшөт

Кыргызстан менен Орусиянын Энергетика министрликтерине Камбар-Ата-1 жана Жогорку Нарын ГЭСтерин курулуш иштерин каржылоонун ыңгайлуу шартын иштеп чыгуу тапшырмасы берилди.Бул жаатта Энергетика министрликтери 2014-жылдын 1-февралына чейин эки өлкөнүн Тышкы иштер министрликтери менен биргеликте иш алып барат.Кечээ, 17-декабрда Бишкекте өткөн кыргыз-орус өкмөттөр аралык комиссиянын жыйынында маалым болгондой, кыргыз тарап 1-мартка чейин ГЭС курула турган жер аянттарын жергиликтүү мыйзамдарга дал келүү жагын аныктайт.Премьер-министр, кыргыз-орус өкмөттөр аралык комиссиянын тең төрагасы Жантөрө Сатыбалдиев билдиргендей, Камбар-Ата-1 ГЭСинин техникалык экономикалык негиздемеси аяктоо алдында турат.Орусиянын бажы кызматынын башчысы, кыргыз-орус өкмөттөр аралык комиссиянын тең төрагасы Андрей Бельянинов энергетикалык багыттагы кызматташтыкты кыргыз-орус мамилесинин олуттуу бөлүгү катары сыпаттады.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан