Абакта каза болгон Арстанбек Абдылдаев (Арстан Алай) Бишкектеги Орок айылында жерге берилди. Маркумдун иниси буга чейин агасы мусулманча жерге берилерин айтып, жаназаны өзү окуган.
Белгилей кетсек, 5-январь күнү саат 05:15 чамасында Юстиция министрлигине караштуу Жазаларды аткаруу кызматынын атайын дарылоо-түзөтүү мекемесинин ашканасында айыпталуучу Арстанбек Абдылдаев асынган абалда табылган.
ЖАКтын маалыматына ылайык, ал 15-декабрда Кылмыш-жаза кодекстин 94-беренеси боюнча Кылмыш-жаза кодекстин 330-беренеси менен кылмыш жасаган деген шек менен УКМКнын Чүй облусу боюнча Тергөө бөлүмү тарабынан камакка алынган.
Ал эми кечээ, 6-январда Башкы прокуратура Арстан Алайдын өлүмү боюнча текшерүү иштери башталып, анын жыйынтыгы менен кызмат адамдарына юридикалык баа берилерин билдирген.