Япониянын Исикава шаарындагы Ното жарым аралында болгон жер титирөөнүн кесепетинен каза болгондордун саны 168ге жетти. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Ага ылайык, 560тан ашык тургун жарадар болуп, дагы 323 жаран менен байланышууга мүмкүн болбой жатканы кабарланды.
Эске салсак, 1-январда Япониянын батыш тарабында жергиликтүү убакыт боюнча саат 16:06да күчү 5,7 жана саат 16:10до 7,6 баллга жеткен катуу жер титирөө катталган. Буга чейин акыркы жолу жер титирөөлөрдөн каза болгондордун саны 100гө жеткендиги кабарланган.