Бүгүн, 1-январда Япониянын батыш тарабында жергиликтүү убакыт боюнча саат 16:06да күчү 5,7 жана саат 16:10до 7,6 баллга жеткен катуу жер титирөө катталды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазды.
Маалыматка караганда, кеминде 110 имарат жабыркаган. Өлкөнүн батыш тарабында цунами коркунучу бар экендиги жарыяланды. Исикава префектурасындагы деңиздин жээгинде жайгашкан Ното районунун тургундарына “токтоосуз коопсуз жактарга чыгып кетүү” эскертүүсү берилди.
Билдирүүгө ылайык, аталган райондо толкун беш метр бийиктикке көтөрүлүп жатат. Андан тышкары цунами эскертүүсү коңшу Ниигата жана Тояма райондорунда да берилди.