Бүгүн, 10-январда Бишкек шаардык сотунда үч адамдын өлүмүнө айыпталып өмүр бою эркинен ажыратылган Чынтемир Аширалиевдин соту өтүүдө.
Соттук отурумда Чынтемир Аширалиев ошол каргашалуу күндү айтып берди.
"Мен үйгө киргенде Алтынай эже жалгыз болчу. Биз ашканада отурганда эшиктен уулу менен кызы кирип келишти. Ал кызын урушуп, кыйкырып жатты. Андан кийин мен эмеректердин кыймылдаган үнүн уктум. Анан мен барып аларды ажыраттым. Алтынай эженин колунда таяк бар экен. Мен ажыраткандан кийин Сайкал ыйлап, бөлмөсүнө кирип кетти. Биз ашканада 5 мүнөттөй отургандан кийин Алтынай эже кайра Сайкалдын бөлмөсүнө кирип кетти. Мен кетейин дегенде "Күтүп тур, мен айтып бүтө элекмин" деп кетирбей койду", - деди Аширалиев.
Аширалиев андан кийин саат 01:30 чамасында уруш кайра уланганын, кызы апасына "Каалабасаң балдар үйүнө бер" деп айтканын кошумчалады.
"Алтынай эженин колунан бычак көрдүм. Андан кийин мен унаананын сигнализациясын уктум. Калганы толук деле эсимде жок", - деди Чынтемир Аширалиев.
Эске салсак, 2023-жылдын 16-февралында борбор калаанын 5-кичи районунда 51 жаштагы аял (Алтынай Канзаманова) жана анын 17 жаштагы кызы менен 9 жаштагы уулу киши колдуу болгон. Кылмышка шектүү катары 1986-жылы туулган Чынтемир Аширалиев аттуу Баткен облусунун Кадамжай районунун тургуну өзүнүн үйүнөн кармалган. Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренеси (Адам өлтүрүү) менен кылмыш иши козголгон.
3-ноябрда Октябрь райондук соту Чынтемир Аширалиевди күнөөлүү деп таап, өмүр бою эркинен ажыраткан. Анын жактоочусу шаардык сотко апелляциялык арыз менен кайрылган болчу.
Маалым болгондой, шектүү Аширалиев кармаш уруш боюнча спорттун чебери болгон. Ал 2006-жылы Мамлекеттик күзөт кызматына кабыл алынган. Ал эми 2010-жылы аталган кызмат жоюлуп, түзүмдүк бөлүм катары УКМКга киргизилген. 2021-жылы эмгек стажына байланыштуу пенсияга чыгып, УКМКнын 9-кызматынан бошотулган. Шектүү жетекчилик кызматтарда да иштеген. Аскердик наамы - майор. Мындан сырткары 2021-жылы Жогорку Кеңешке шайлоодо Баткен окуругунан депутаттыкка талапкер болгон.