Эквадордо мафиянын козголоңунан кийин массалык башаламандык башталып, 10 адам каза болду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар билдирди.
Маалыматтарга караганда, учурда аскер кызматкерлери 12 жыл түрмөдө отурган ири банданын лидерин издөөдө. Бул маалда абактагылар тополоң чыгарып, өлкөнүн президенти 60 күнгө өзгөчө кырдаал режимин киргизди. Бирок бийликтин мындай кадамы башаламандыкты дагы да ырбатты.
Кылмышкерлер унааларды өрттөп, полиция кызматкерлерин уурдап, жарылуучу заттарды колдонушкан. Жада калса телестудиянын түз эфирине кирип келип, алып баруучунун чөнтөгүнө жарылуучу затты салып полиция тоскоол болбошун талап кылган учурлар болууда.
Президент буга жооп кылып өлкөдө ички куралдуу жаңжал абалын жарыялап, армияга 22 кылмыштуу топту жок кылууга буйрук берди. Анын курамында он миңдеген адам бар. Куралдуу күчтөр аларды тыптыйпыл кылып кырууга катуу киришти.
Эске салсак, буга чейин өлкөнүн президенттигине талапкерди өлтүргөн деп шектелген кылмыштуу топтун лидери Эквадор түрмөсүндөгү камерадан жоголгону кабарланган. Мындан улам Эквадордун президенти Даниэль Нобоа эки айлык өзгөчө кырдаалды жарыялаган. Анын ичинде коомдук чогулуштарга убактылуу тыюу салуу жана коменданттык саат бар.
"Фито" лакап аты бар Адольфо Макиас Вильямарнын качып кеткени же чоң түрмө комплексинде жашырынып жүргөнү азырынча белгисиз. Полиция дагы Фито камерадан так качан жоголгонун билбейт.