Парламентте жол кырсыктарын алдын алуу маселесин талкуулоо сунушталды

Бишкекте бүгүн, 18-декабрдагы парламенттин жыйынында Жылдыз Жолдошова жол кырсыктарынан каза болгондордун саны өсүп баратканына токтолду. Анын айтымында, депутат бул маселенин алдын алуу боюнча тиешелүү органдарга кат жиберген.

 “11 ай ичинде 6 114 жол кырсыгы катталып, анда 194 бала каза болуптур. Интернет сайттарга кирсең күн сайын кырсыктар тууралуу жазышууда. Бишкек-Ош жолунда чоң кырсыктар болуп жатат. Транспорт министрлиги кырсыктардын алдын алуу боюнча кандай иштерди аткарып жатат?”- деди Жолдошова. 

Мындан сырткары жол кырсыктарынын өсүүсүн жогорку деңгээлде кароо зарылдыгын айтты. 

Жогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбеков бул маселе боюнча тапшырмалар тийиштүү комитеттерге берилгендигин кошумчалады.   

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан