Парламентте тууну өзгөртүүгө каршы чыккан активист Афтандил Жоробековду бошотуу маселеси көтөрүлдү

Бүгүн, 10-январдагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Нуржигит Кадырбеков мамлекеттик тууну өзгөртүүгө каршы пикирин айтып чыгып, камакка алынган жарандык активист Афтандил Жоробековду үй камагына чыгаруу демилгесин көтөрдү.

"Жаңы тууну көтөрдүк. Жыл да жакшы окуя менен башталсын. Афтандил Жоробеков деген жаран туу боюнча пикирин билдирем деп тергөө абагында отурат. Апасы да кайрылуу жасаптыр. Аны бошотуп, жылды позитив менен баштасак жакшы болмок. Ушул маселени да карап көрсөңүздөр", - деди Кадырбеков.

Белгилей кетсек, Афтандил Жоробеков былтыр 7-декабрда кечинде Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгына суракка чакырылып, андан соң кармалган. Активисттин бөгөт чарасын Бишкектин Свердлов райондук соту 8-декабрда кечинде карап, эки айга камакка алуу чечимин чыгарган.

Ички иштер министрлиги ага “массалык башаламандыктарга алып келүүчү чакырыктарды жасаган” деген айып коюуда. Жоробековго Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренесинин 3-бөлүгү (Массалык башаламандыктар, бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына жигердүү баш ийбөөгө жана массалык башаламандыктарга чакырыктар, ошого тете жарандарга зомбулук көрсөтүүгө чакырыктар) менен кылмыш иши козголгон.

Ага чейин Бишкектин Октябрь райондук милициясына, Улуттук коопсуздук комитетине сурак берип чыккан.

Активист 9-декабрда Бишкектеги Максим Горький атындагы гүлбакта тууну өзгөртүүгө каршы митинг өткөрүүнү көздөп жаткан.

Жогорку Кеңеш 10.01.24.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Uri24
2024-01-10 17:14:00
Садыр Жапаровтун наадан, бузуку, митайым, өзүм билемдик бийлиги курусун. Садырдын куугунтук саясаты эч жакшылык алып келбейт.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан