Арген Биймырза уулу устаты Элмирбек Иманалиевди эскерүү кечесине катышпай турганын айтты. Себеби  

17-январда Кыргыз Эл артисти Элмирбек Иманалиевди эскерүү кечеси өтөт. Иш-чара акындын туулган күнүн утурлай Токтогул Сатылганов атындагы улуттук филармонияда болот. Анда Иманалиев түптөп кеткен "Төкмө келсе төр бошот" долбоорунун алкагында концерт тартууланмакчы.

Кечээ, 9-январда төкмө акын Арген Биймырза уулу устаты Элмирбек Иманалиевди эскерүү концертине 5 акынды катыштырбай жаткандыгын социалдык тармактагы баракчасына жазып чыккан.

Анын айтымында, буга төкмө акын Асылбек Маратов жана анын айланасындагылардын чечими менен Изат Айдаркулова, Акматбек Султан уулу башында турган беш төкмө акын иш-чарага катышуудан четтетилген.

"Бул ирет дагы устатымды эскерүү концерти өтөт. Бирок бул жолу Акматбек Султан уулу, Изат Айдаркулова, Нурайым Бактияр кызы, Аккыз Абасбекова жана мен Арген Биймырза уулу тилекке каршы катышпай калдык. Мындай нерсе Асылбек Маратов жана анын айланасындагылардын чечими. Биз бешөөбүз концертке катышуу үчүн бардык, бирок алардын ушундай чечим чыгарганын угуп, мындан улам элге ачык айтып койгонду туура көрдүк", - деп жазган ал.

"Айтыш" коомдук фондунун тең төрагасы Асылбек Маратов менен байланышканыбызда, ак таңдай акынды эскерүүгө анын түптөп кеткен "Төкмө келсе төр бошот" долбоорунун бардык жамакчылары, таптап жүргөн шакирттери чакырылганын айтты.

"Иш-чарага бардык төкмө акындар чакырылды. Алар келип катышарын же катышпарын өздөрү чечет", - деди Асылбек Маратов.

Ал эми Арген Биймырза уулу муну элдин ачуусун басуу аракети деп эсептейт.

"Эл реакция кылып, нааразычылык жаралгандан кийин катышарыбызды кайра жазып коюптур. Бирок аны өзүбүзгө кабарлаган жок, байланышкан жокпуз. Элдин ачуусун басыш үчүн жасалган аракет деп эсептейм. Канткенде да ал концертке катышпайбыз деп чечтик.

Жаңы жылдан соң даярданалы деп барганбыз. Бирок даярдык 2 ай мурун эле башталганын айтып, чакырбалаган жерге эмнеге келесиңер деген өңдүү сөздөрдү айтышты. Себебин сураганыбызда жөн гана "катышпайсыңар, идеологиябыз туура келбейт, силердин кошулганыңарды каалабайбыз, концертти бузбагыла" деп узатып коюшту", - деп жооп берди Арген Биймырза уулу.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан