Бишкекте бүгүн, 18-декабрдагы парламенттин жыйынында Жылдыз Жолдошова укук коргоо органдарынын ишине токтолду.
“Элибиздин укук коргоо органдары тарабынан кысымга алынып жаткандыгын көрүп жатабыз. Айрыкча Ички иштер министрлигинин кызматкерлеринин колуна түшкөндөр ур-соккуга алынат экен. Бул бир гана Ошто эмес, бүт Кыргызстанда иштеген укук коргоо кызматкерлерине тиешелүү. Учурда өкмөттүк эмес уюмдар бул багытта туура маселени алып чыгууда. Ушуну карап чыгуубуз керек”,- деди ал.