Өлкө башчы Садыр Жапаров "Баткен, Ош, Чүй, Ысык-Көл облустарынын жана Ош шаарынын айрым калктуу конуштарын айыл категориясына киргизүү жөнүндө" мыйзамга кол койду. Бул тууралуу бүгүн, 12-январда президенттин басма сөз кызматынан билдирди.
Документ Жогорку Кеңеш тарабынан былтыр 29-ноябрда кабыл алынган.
Ага ылайык, төмөндөгү калктуу конуштары айыл категориясына киргизилет:
- Баткен районунун Кара-Бак айыл аймагынын Момунов,
- Кадамжай районунун Кадамжай шаарынын Жаңы-Жер жана Жийделик, Исхак-Полотхан айыл аймагынын Келечек,
- Ош шаарынын Качыбек, Мээркан жана Татар,
- Кара-Суу районунун Кашкар-Кыштак айыл аймагынын Кайрагач, Мады айыл аймагынын Достук жана Кызыл-Тал,
- Ноокат районун Зулпуев айыл аймагынын Калдай,
- Сокулук районунун Кызыл-Туу айыл аймагынын Исмаил,
- Түп районунун Сары-Булак айыл аймагынын Келечек калктуу конушу.