Бүгүн, 12-январда Сокулук райондук сотунда мурдагы күйөөсү бычактаган Асел Ногойбаеванын иши боюнча биринчи отурум башталды.
Алдын ала угуулар жабык эшик артында өттү. Айыпталуучу Азамат Эстебесов абактан онлайн режиминде катышты. Ал эми жабырлануучу тараптан Асел Ногойбаеванын расмий өкүлдөрү катары анын агасы жана жактоочусу Индира Саутова катышты.
Адвокат Индира Саутова айыпталуучунун отурумга онлайн режиминде катышуусу интернеттин начардыгынан ыңгайсыздык жаратарын жүйө келтирип, кийинки отурумдарга айыпталуучуну алып келүү өтүнүчүн келтиргенин, судья аны канааттандырганын билдирди.
Эске салсак, былтыр 20-сентябрда Бишкектин четиндеги Селекция айылында 36 жаштагы Асел Ногойбаеваны мурдагы күйөөсү мыкаачылык менен бычактап, келин ооруканага түшкөн.
Милиция мурдагы аялын бычактоого шектелген 39 жаштагы жаранды кармаган. Шектүү аялынын мурдун, кулактарын кесип салган.
Жабырлануучу Асел Ногойбаева буга чейин облустук сотто апелляциялык арызы каралбай келгенин, отурум боюнча маалымат берилбегенин айтып чыккан. Ошондой эле ал мурдагы күйөөсү зордуктаганын айтып, 2022-жылы 31-августта жана 2023-жылы 31-январда милицияга кайрылганы, милиция эки ирет тең "Зордуктоо" беренеси менен иш козгоп, сотко өткөргөнү маалым болгон.
Биринчи жолкусунда райондук сот келиндин тосмо арызынын негизинде айыпталуучуну бошоткон. Экинчи жолкусунда Сокулук райондук сотунун судьясы Кыялбек Токтомаматов Асел Ногойбаеванын мурдагы күйөөсүн 2023-жылы “Зордуктоо” беренеси менен айыптуу деп таап, бирок үч жылдык мөөнөт менен пробациялык жаза чегерип койгону аныкталган.
Жабырлануучу сот чечимине нааразы болуп, облустук сотко кайрылган. Облустук сот жабырлануучу бычакталгандан кийин гана, айыпталуучуну сегиз жылга эркинен ажыраткан.
Коомчулук сынынан кийин гана Ногойбаевага зомбулук көрсөткөн мурдагы күйөөсүн камакка албай, пробациялык негизде бошоткон Сокулук райондук сотунун судьясы Токтомаматов 2023-жылы 1-ноябрда кызматтан алынган.
Башкы прокуратура Асел Ногойбаеванын апелляциялык арызын караган Чүй облустук сотунун үч судьясын жоопко тартуу боюнча Соттордун тартип комиссиясына сунуш берген. Прокуратура апелляциялык арызды кароо мөөнөтү создукканын жүйө келтирген. Тартип комиссиясы үч судьяга тең сөгүш берген.
Учурда мурдагы жубайынын кулак-мурдун кескилеп салган Эстебесовду өмүрүнүн акырына чейин эркиндигинен ажыратууну талап кылып, change.org сайтында кол топтолууда.