Бишкекте кесиптик милдеттерди талаптагыдай аткарбаганга шектелип 31 жаштагы тиш дарыгери кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 12-январда Бишкек ШИИББден билдиришти.
Маалыматка ылайык, 2023-жылдын 18-декабрында Бишкек шаарынын Октябрь РИИБге И.А аттуу жаран И.К. Ахунбаев атындагы КММАнын алдындагы бөлүмдөрдүн биринин медицина кызматкерлерине чара көрүү өтүнүчү менен кайрылган. Анда ал дарыгердин өткөн жылдын 18-декабрында өзүнүн кесиптик милдеттерин туура эмес аткаргандыгына байланыштуу 2020-жылы туулган К.А. аттуу небересинин өлүмүнө алып келгенин айткан.
Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 146-беренесине (Медициналык же фармацевттик кызматкер тарабынан кесиптик милдеттерди талаптагыдай эмес аткаруу) ылайык кылмыш иши козголуп, бардык керектүү экспертизалар дайындалган.
Экспертизанын жыйынтыгында "баланын өлүмүнө дары-дармектерди колдонуудан улам келип чыккан анафилактикалык шок" себеп болгон.
"Тергөө иштеринин негизинде 1992-жылы туулган Т.А. аттуу жаран кармалган. Шектүү КЖПКнын 96-беренесине ылайык Бишкек шаарынын ИИББнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.
Учурда тергөө иштери уланууда",-деп айтылат маалыматта.