Алымкадыр Бейшеналиев Түркияда боорду алмаштыруу боюнча операцияга катышты

11-12-январда Кыргызстандын саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Түркиянын Малатья шаарында жайгашкан Инөнү университетинде болуп, анын ишмердүүлүгү менен таанышты.

Ведомствонун маалымат кызматы билдиргендей, министр университеттин ректору, доктор Ахмет Кызылай менен жолукту. Анда Кыргызстан менен Түркиянын президенттеринин органдарды трансплантациялоону уюштурууда Кыргызстанга жардам көрсөтүү келишиминин алкагында, боор жана жилик чучугун трансплантациялоо боюнча кызматташууну өнүктүрүү маселеси талкууланды.

Ошондой эле министр ал жакта окуудан өтүп жаткан кыргызстандык адистер менен баарлашты. Андан соң ал боорду алмаштыруу боюнча операцияга катышты.

Инөнү университети 700 миң чарчы метр аянтта жайгашкан, ал эми университеттин клиникасы органдарды трансплантациялоо боюнча дүйнөдөгү эң мыкты беш клиниканын бири. Доктор Ахмет Кызылай клиникада жылына 300-350дөй боор алмаштыруу операциясы жасаларын айтты. Клиника 1500 орунга ылайыкташып, 4,5 миңден ашык медициналык кызматкер эмгектенет.

Өз кезегинде доктор Ахмет Кызылай Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган боордош Кыргызстанга трансплантология кызматын өнүктүрүүгө көмөк көрсөтүү боюнча тапшырма бергендигин билдирди.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар көтөрүлгөн маселе боюнча жемиштүү кызматташууну улантууга макулдашышып, университет менен Саламаттыкты сактоо министрлигинин ортосунда кызматташуу келишимине кол коюшту.

Үстүбүздөгү жылдын январь айынын аягында Бишкекке доктор Ахмет Кызылай жетектеген трансплантологдор тобу келип, Эне жана баланы коргоо улуттук борборуна жана Улуттук хирургиялык борборго барып, операциялык бөлмөлөр жана жеткиликтүү медициналык шарттар, боор жана жилик чучугун алмаштыруу операцияларын уюштуруу үчүн зарыл болгон жабдуулар менен таанышат.

Ошондой эле, кол коюлган келишимге ылайык, жакынкы күндөрү боор жана жилик чучугун трансплантациялоо үчүн зарыл болгон кыргызстандык 20 адис – хирург, анестезиолог-реаниматолог, гастроэнтеролог жана орто медициналык кызматкерлер Түркияга окууга жөнөтүлөт. Биздин адистер акысыз окутуудан өтүшөт, окуу мезгилинде бекер турак-жай жана тамак-аш менен камсыз болушат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан