Кытай Батыш өлкөлөрүнүн Бээжин өзүнүн эгемендүү аймагы деп эсептеген Тайвандагы президенттик шайлоонун жеңүүчүсүн куттуктаганына катуу нааразычылыгын билдирди. Бул тууралуу Кытайдын Тышкы иштер министрлигине таянуу менен РИА Новости жазды.
Кытайдын Тышкы иштер министрлиги жана Кытайдын чет өлкөлөрдөгү элчиликтери кечээ, 14-январда Тайвандын көз карандысыздыгынын жактоочусу, башкаруучу Демократиялык Прогрессивдүү партиясынын жеңген лидери Лай Циндэни куттуктагандарга эскертүү берди.
Бул эскертүүлөр АКШ жана Улуу Британияга түздөн-түз таандык. Кытайдын Тышкы иштер министрлиги алардын Лай Циндэнин жеңишине болгон жылуу реакциясын “Тайвандын көз карандысыздыкка умтулуусу үчүн туура эмес белги” деп атады.
Тайвандагы шайлоонун жеңүүчүсүн куттуктоо Германиянын, Япониянын, Чехиянын жана бир катар башка өлкөлөрдүн өкмөттөрүнөн да келди.
13-январда Тайвандын администрация башчысын шайлоодо аралдын көз карандысыздыгын жактаган Демократиялык прогрессивдүү партиясынын лидери Лай Циндэ жеңип чыкты. Аралдын Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматы боюнча, саясатчы үчүн шайлоочулардын 40,05 пайызы добушун берген.