SUPER.KG порталы чет өлкөдө иштеген мекендештердин жашоо-турмушу менен тааныштырууну улантат. Бул жолку чыгарылышта учурда Англиянын Чичестер шаарында иштеп жаткан Азамат Имарбек уулу болду. Азамат Англияда сезондук жумушта иштеп жатканын, ал жактын айлыгы, жашоо шарты тууралуу кеп кылды.
Азамат Имарбек уулу 24 жашта. Ош облусуна караштуу Араван районунун Төө-Моюн айылында туулган. Азыркы учурда Англияда эмгектенет.
- Азамат, айтсаңыз, азыркы учурда бул өлкөгө сезондук жумуштарга иштегени жаштар көп барууда, сиз кайсы программа менен бардыңыз?
- Мен Венгрияда иштеп жүргөндө Англияда иштеген тааныштарым айлыгы жакшы экенин айтып, чакырып калышты. Ал жактан AGRI-HR сайтына анкета толтурдум. Анан визага тапшыруу үчүн Бишкекке учууга туура келип калды. Келгенден кийин визаны Алматыдан бүтүрдүм. Виза жалпы 2 ай убакытта даяр болуп, Англиянын Чичестер шаарына учуп келдик. Азыр ушул шаарда эмгектенип жатам.
- Чичестер шаарында эмне жумуш менен алексиз?
- Англияга 6 айлык келишим менен күзгү, кышкы сезондук жумушка келгем. Жумуш жылуу, күнөскана ичинде. Биз кулпунай өстүрүп, карап аны кайра терип иштейбиз. Жумуш жакшы, бардыгы келишимде көрсөтүлгөндөй. Кыргыздар дагы көппүз. Кыскасы, ынтымактабыз, бош убакыттарда чогуу теннис, футбол ойноп турабыз.
- Жумуштан тышкары жатакана, тамак-аш маселеси кандай болуп жатат?
- Жатакана маселесине келсек. Бул жакта ферма өзү таап жайгаштырат. Бирок, бардыгы өзүбүздөн. Мисалы, жатаканага 2 жумада биздин сом менен 13 900 сом төлөйбүз. Ал эми тамак-ашка айына 10-15 миң сом кетет. Бирок айлыгы жакшы. Айына 120-210 миң тапса болот. Мага жакканы жашылча, жер-жемиштери болду. Этинин даамы болсо, биздикине жетпейт экен.
- Жогоруда айтып калдыңыз, Венгрияда иштегенмин деп. Ал жердеги жумуш кандай эле, дагы кайсы жактарда иштеп калдыңыз?
- Мен алгач Москва шаарында 3 жарым жылдай курулуш, жеткирүү тармактарында иштедим. Бул аралыкта өлкөгө келип кетип да жүрдүм. Анан Европага иштесем деген ой менен Бишкекке келип, Венгрияга виза алып калдым. Венгриядагы жумуш машина заводдо болчу. Ал жактын шарты дагы жакшы, жатакана бекер, жумушка алып барып, алып кетет дегендей. Саякаттаганга дагы жакшы мүмкүнчүлүктөр болуп Австрия, Словакия, Хорватия өлкөлөрүн көрдүм. Кыргызстанга кайтаарда Стамбул аркылуу учтум. Чынын айтсам саякаттоо өзүмө дагы жагат.
- Анан Англиянын шаарларын дагы кыдырып жатасызбы?
- Азырынча Чичестерден башка Портсмут, Богнор-Реджис, Литлхэмптон шаарларын көрдүм.
- Эми келишимдеги 6 ай бүткөндөн кийин эмне кыласыз?
- Келишимдеги убакыт февралда аяктайт. Кайра бир аз убакыт иштеп турганы Москвага барсам деп турам. Негизи өз өлкөмдө ишкерлик менен алектенсем деген пландарым бар.
- Бул өлкөгө иштейм деген мекендештериңизге кандай жардам кыла аласыз?
- Менин социалдык тармактарда каналдарым бар, маалымат алсаңыздар болот. Салам Англия деген телеграмм каналымда Англияга келиш үчүн кандай анкета толтуруш керек, эмне кылуу керек деген суроолорго жооптор бар. Тик Токтогу баракчамда Англия, Европа жөнүндө маалыматтар бар. Мындан тышкары Европа Жашоо деген ютуб каналыма кирсеңиздер болот. Ал жерде Европа өлкөлөрүндөгү жумуштар кандай, жашоо кандай болот, ушулар тууралуу айтылган.
- Англия сиздин эсиңизде эмнеси менен калат?
- Мен биринчиден элдеринин жөнөкөйлүгүн бааладым. Мындан тышкары, шаарларындагы абасынын тазалыгы суктанарлык нерсе. Анан жамгыр көп жааган өлкө катары эсимде калат десем болот.