Түркмөнстанда АКШдагы туугандарына үйлөнүү тойдогу видеону жөнөткөн эки аял кармалды

Түркмөнабаддагы интернет-кафеде полиция эки аялды АКШдан келген туугандары менен видео аркылуу байланышып жаткан жеринен кармады. Бул тууралуу Түркмөнстандын жергиликтүү басылмалары жазышты.

Түркмөнабад шаарындагы "Лебаптелеком" интернет-кафесине 1994-жылы жана 1996-жылы туулган кыз-келиндер келишип, үйлөнүү тойдогу видеолорду АКШдагы туугандарына жөнөтүшкөн. Интернет-кафелерде видеокөзөмөл камералары орнотулуп, кызматкерлер кардарлар кайсы сайттарга кирип, эмнени жөнөтүп жатканын көзөмөлдөй алышат.

Жыйынтыгында аларды полиция кызматкерлери кармап, убактылуу кармоочу жайга киргизген.

Полиция кармалгандарга "чет өлкөгө жөнөтүлгөн ар кандай фото жана видеоматериалдарды чет элдик идеологиялык диверсия борборлору биздин тынч жана бейпил өлкөбүздөгү кырдаалды туруксуздаштыруу үчүн колдонушу мүмкүн" деп түшүндүрүшкөн.

Түркмөнстандын полициясы жана атайын кызматтары өлкөнүн тургундары чет элдик басылмаларга фото жана видео материалдарды жөнөтпөөгө аракет кылууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан