Хусит согушкерлери Йемендин жээгинде орус мунай танкерине жаңылыштык менен ракеталык чабуул жасашты. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
Эл аралык кемелерди коргогон Улуу Британиянын Деңиз соода операциялары Йемендин порт шаары Адендин түштүк-чыгышында танкерге ракеталык кол салуу болгондугу тууралуу кабар алганын билдирди. Кол салуудан эч ким жабыркаган жок, кемеге зыян келтирилбегени айтылууда.
Бул хуситтер жаңылыштык менен кол салган орус мунай ташыган экинчи танкер.
Йемендин басымдуу бөлүгүн көзөмөлдөгөн Иран колдогон хуситтер Израилдин Газадагы аскерий операцияларына нааразычылык иретинде 19-ноябрдан бери Кызыл деңиздеги Батыштын соода кемелерин учкучсуз учактар жана ракеталар менен аткылашууда.