Парламентте Келдибековдун иши боюнча депутаттык комиссия түзүү сунушу өтпөй калды

Бишкекте бүгүн, 18-декабрдагы парламенттин жыйынында “Ата Журт” фракциясынын депутаты Жылдыз Жолдошова Ахматбек Келдибековду кармоодогу мыйзамдуулукту текшерүү үчүн депутаттык комиссия түзүү маселесин добушка коюу сунушун айтты. 
“Ата Журт” фракциясы бир нече жолу бул маселени көтөрүп чыккан. Бирок, жетишерлик добуш топтой албай келген. 
Парламентте депутаттык комиссия түзүү сунушу өтпөй калды. Көз карандысыз депутат Равшан Жээнбеков аталган маселени кийин дагы добушка коюу керектигин айтты. “Ата Журт” фракциясынын лидери Мыктыбек Абдылдаев Жогорку Кеңештин регламенти боюнча жыйынга катышып жаткандардын арасында көп добушка ээ болсо, сунуш кабыл алынды деп эсептеш керектигин белгилеп өттү.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан