Бүгүн, 15-январда өлкө башчы Садыр Жапаров "Кабар" маалымат агенттигине кезектеги маегин берди.
Анда президент 1-январда "Ала-Тоо" аянтына илинген туура эмес желектен трагедия издештин кереги жок экенин баса белгиледи.
"1-январда илинген желектен трагедия издештин кереги жок. Мэрияга мекенчил демөөрчүлөр тарабынан жасалып келген жаңы желекти илели деген сунуш болгон экен. Мэрия макул деп жаңы желекти көтөртүп коюптур.
8-январь күнү Жогорку Кеңеш дыкат карап, берилген сунуштарды эске алып толуктап, 3 окууда кабыл алып берген, андан соң өкмөттүн токтому менен бекитилген жаңы желек расмий түрдө көтөрүлдү. Болду го эми, желек боюнча талкууну токтотолу", - деди Садыр Жапаров.