Катаал шарттагы айылдарда төрөлгөн балдарга жөлөк пул чегерүү мыйзамын комитет жактырды

Бүгүн, 15-январдагы парламенттин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында катаал шарттагы айылдарда төрөлгөн балдарга жөлөк пул чегерүү мыйзам долбоору биринчи окууда жактырылды.

Демилгечи депутат Камила Талиева мыйзам долбоору кесиптеши Марлен Маматалиев менен биргеликте бийик тоолуу жана алыскы барууга кыйын болгон калктуу конуштарда жана ѳзгөчө статуска ээ чек ара аймактарында жашаган үй-бүлөлөрдү колдоо максатында иштелип чыкканын билдирди.

Эл өкүлү белгилегендей, мыйзам долбоору менен Конституциянын ченемдерин эске алуу менен үй-бүлөдө төрөлгөн 3-баладан тартып 3 жашка чейин ай сайын жөлөк пул дайындоо сунушталууда.

Белгилей кетсек, Талиева былтыр 14-декабрдагы Жогорку Кеңештин жыйынында өлкөдө карылардын саны өсүп, жаштар азайып жатканын айтып, “Алтын бала” программасын иштеп чыгып, мыйзам долбоорун жазганын билдирген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан