Баткен районуна караштуу Ак-Сай айылында кыргыз жарандары Исфара-Ворух унаа жолун бууп турушат. Бул жол Ворух анклавы менен Тажикстан өлкөсүнүн Исфара районун бириктирип турат. Бул туурасында Баткен облустук ИИББинин басма сөз кызматы бүгүн, 18-декабрда билдирди.
Маалыматка караганда, кечээ, 17-декабрда Баткен районуна караштуу Ак-Сай айылындагы кыргыз жараны Жаныбек Орункуловго тиешелүү 6 бөлмөлүү чайкана күйүп кеткен. Айыл тургундары “муну тажик жарандары өрттөдү” деп жатышат. Ошондой эле тажик жарандары да Баткен району менен Ак-Сай айылын бириктирген унаа жолун тосуп алышкан. Учурда эки тарапта тең жолдор жабык. Баткен райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери коопсуздукту сактап турушат. Учурда өрттүн келип чыгуу себептери аныкталууда.