Чикаго шаарында сууктан улам Tesla электр унааларын заряддоо станциялары иштебей, шаар тургундары электромобилдерди массалык түрдө көчөгө таштап жатышат. Мындай видео социалдык тармактарга тарады.
Жекшембиден бери болуп жаткан сууктан шаар тургундары Tesla электромобилдерин заряддай албай жатышат. Натыйжада электр унаалары көчөдө калууда. Заряддоо станцияларында тартылган кадрлардан ондогон кароосуз калган унааларды көрүүгө болот. Кээ бир айдоочулар аларды коопсуз жайга түртүүгө аракет кылып жатышат.
Чикагодо -20 градуска чейин суук болууда.