25-декабрда Ош шаардык Кеңешинин үчүнчү чакырылышынын кезектеги 12-сессиясы өткөрүлөт. Күн тартибинде депутаттар тарабынан коюлган 10дон ашуун маселенин каралуусу күтүлүүдө. Жыйында Ош шаарынын калкын социалдык-экономикалык жактан коргоо жана бюджеттин аткарылышы боюнча негизги маселелер каралат. Райондук электр тармагынын башчысы Д.Сыдыковдун аткарган иш-чаралары, орнотулган трансформаторлор жана шаар калкын үзгүлтүксүз электр жарыгы менен камсыз кылуу боюнча отчёту угулат. Ошондой эле депутаттар тарабынан №61-муниципалдык “Ак-Каркыра” балдар бакчасынын жобосун бекитүү пландалып, шаар калкына спортту пропагандалоо маселелери талкууланмакчы.