Бишкектин четинде Ми-8 тик учагынын кулашы боюнча ыкчам-тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Коргоо министрлигинен билдиришти.
Билдирүүгө ылайык, тик учактын кыйрашынан 11 адам жабыркап, анын ичинен бир аскер кызматчысы каза болгон.
"Аталган факты боюнча ыкчам-тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө. Абадан кол салуудан коргоо күчтөрүнүн айрым кызмат адамдары тергөө иштерин объективдүү жүргүзүү максатында ээлеген кызматтарынан убактылуу бошотулду", - деп билдиришти Коргоо министрлигинен.
Коргоо министрлиги канча кызматкер убактылуу ээлеген кызматынан бошотулганын ачыктаган жок.
Ми-8 тик учагы бүгүн саат 11:00 чамасында Достук айылына жакын жерде кулап түшкөнү кабарланган.