СССРдин кулашын алдын ала айткан француз тарыхчысы жана социологу Эммануэль Тодд Украинада НАТО жеңилип жатат деген пикирин билдирген. Бул тууралуу Тодд Journal du Dimanche журналына берген маегинде айткан.
Тарыхчы НАТОнун жеңилүүсү Орусия менен Германияны жакындаштырат деп эсептейт.
"Вашингтондун Берлинди Москвадан алыстатуу аракети ийгиликсиз болот, америкалыктар 2004-жылдан бери бул стратегиялык ой менен алпурушуп келишкен. Эгер Европанын картасын карасаңыз, эки негизги держава көзүңүзгө илинет - булар Германия жана Орусия", - деген Тодд.
Анын пикиринде, Москва менен Берлин мындан ары тиреше албайт, алардын экономикасы бири-бирин толуктоого багытталган.
"Эртеби-кечпи алар кызматташа башташат. АКШ менен Украинанын жеңилүүсү алардын жакындашуусуна жол ачат", - деп болжолдогон француз тарыхчысы.
Эммануэль Тодд бир катар изилдөөлөрдүн жана китептердин автору. 1976-жылы ал өзүнүн "Окончательный провал" китебинде СССРдин кулашын алдын ала айткан.