Эртең, 19-декабрда шаарда “Муниципалдык жана мамлекеттик мекеме-ишканалардын аткарып жаткан иш-чараларынын ачык-айкындуулугу, маалыматтын так жана туура элге жеткиликтүүлүгү” аталышындагы тегерек стол өткөрүлөт. Иш-чарага мамлекеттик мекеме-ишканалардын, жергиликтүү башкармалыктын, массалык маалымат каражаттын өкүлдөрү, калкты тейлөө борбору, Ош шаардык билим берүү башкармалыгы, Ош шаардык социалдык өнүгүү башкармалыгы, Ош шаардык юстиция башкармалыгы жана бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү катышат. Аталган тегерек стол “Луч-Лотоса” кайрымдуулук фондунун демилгеси менен ишке ашырылууда.