Пакистандын учактары Ирандын аба мейкиндигине кирип келишти

Иранда Пакистан менен чектеш Сараван шаарына жакын жерде жарылуулар болду. Бул тууралуу РИА Новости жазды.

Маалыматка ылайык, бүгүн жергиликтүү убакыт боюнча саат 04:30да Саравандын чек ара айылдарынын биринде бир нече жардыруу болгон.

"Бул жарылуулар Пакистан тараптан атылган ракетанын натыйжасында болду, жардыруулардын натыйжасында 3 аял жана 4 бала каза болду, алар Ирандын жарандары эмес", - деп жазылат маалыматта.

Белгилей кетсек, бир күн мурда Тегеран Ирак менен Сирияда “анти-террордук топторго” каршы чабуулдарды баштагандан кийин Пакистандын аймагына абадан сокку уруп, андан эки бала каза болгон. Пакистан мамлекеттердин чек арасына жакын жерде жасалган соккуну айыптап, аны "такыр кабыл алынгыс" деп баалаган.

Өз кезегинде Reuters агенттиги өз булагына таянуу менен Пакистандын учактары Ирандын аба мейкиндигине анын аймагына сокку уруу үчүн киргенин кабарлады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан