Бишкекте троллейбустардын техникалык жана санитардык абалы текшерилди

“Бишкек троллейбус башкармалыгы” муниципалдык ишканасынын кызматкерлери Бишкек ШИИББи боюнча МККБнын ТКБнүн өкүлдөрү менен биргеликте троллейбустардын техникалык жана санитардык абалын текшерүү максатында рейд өткөрүштү. Бул тууралуу бүгүн, 18-январда Бишкек мэриясы билдирди.

Маалыматка караганда, троллейбустардын электр жабдууларынын абалы, тормоздук системалар, дөңгөлөктөр, кузов жана жүргүнчүлөрдү коопсуз жана ыңгайлуу ташууну камсыз кылган башка техникалык түзүлүштөр текшерилди.

Ошондой эле салондордун жана санитардык түйүндөрдүн санитардык абалы текшерилди.

"Текшерүүнүн жыйынтыгы көрсөткөндөй, троллейбустардын басымдуу бөлүгү белгиленген стандарттарга жана коопсуздук талаптарына жооп берет. Бирок жакынкы мезгилде четтете турган айрым кемчиликтер аныкталды", - деп айтылат маалыматта.

Мындан тышкары, Бишкек троллейбус башкармалыгы транспорт шарттарын жакшыртуу иштерин улантууда. Кызматкерлер коопсуздуктун жана санитариянын жогорку стандарттарын сактоо үчүн мындай текшерүүлөрдү үзгүлтүксүз жүргүзүшөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан