Бишкекте коомдук транспорттун бекитилген кыймыл чиймесине мониторинг жүргүзүлүүдө

Бишкек мэриясынын Транспорт жана жол-транспорттук инфратүзүмдү өнүктүрүү департаментинин кызматкерлери коомдук транспорттун пландык чыгуусун, бекитилген кыймыл чиймесин сактоо боюнча рейд жүргүзүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 18-январда Бишкек мэриясынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, “Бишкек жүргүнчүлөр автотранспорт ишканасы” муниципалдык ишканасы, Бишкек троллейбус башкармалыгы, шаардык ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери, жүргүнчүлөрдү ташуучу фирмалардын кызматкерлери катышты.
"Рейддин жүрүшүндө эрежелерди сактабаган, GPS-трекерлерди өз алдынча өчүрүп койгон айдоочулар аныкталып, шаардык ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан 8 протокол түзүлдү", - деп айтылат маалыматта.
Белгилей кетсек, аталган иш-чара коомдук транспорттун тейлөө сапатын жакшыртууга багытталып, байма-бай өткөрүлүп турат.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан