Рим Папасы Франциск туулган күнүн 3 селсаяк менен белгиледи

Рим Папасы Франциск 17-декабрда 77 жашын селсаяктар менен белгиледи. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.

Маалыматта айтылгандай, туулган күн Рим Папасы жашап жаткан  Санта-Марта резиденциясында өткөн. Франциск бул жакшылыгына Улуу Пётр жыйынынын жанында жашаган 3 селсаякты жана алардын итин чакырган.  Чокунуу менен башталган бул кече алардын чайлашуусу менен аяктаган.

Белгилей кетсек, Рим Папасынын туулган күнү Ватиканда майрам катары белгиленбейт. Бул күн кадимки иш күнү деп эсептелинет. Болгону жергиликтүү телеканалдан Рим Папасы тууралуу 45 секунддук видеоролик көрсөтүлгөн. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан