Бишкекте бүгүн, 18-декабрдагы парламенттин жыйынында Жогорку Кеңештин депутаттары суррогат эне боюнча мыйзам долбоорун талкуулашты.
Мыйзам долбоорго ылайык, жаңы төрөлгөн баланы мамлекеттик каттоодон өткөрүүдө жубайлар бала асыроого макулдугун бергендиги жазуу түрүндө көрсөтүлүшү керек. Ошондой эле баланын төрөлгөндүгүн тастыктоочу документ менен кошо түйүлдүктү башка энеге имплантацияланганы тууралуу медициналык мекемеден далилдей турган документ берилиши керек.
Мамлекеттик каттоо соттун бала асыроо боюнча чечиминин негизинде ишке ашырылат.