Энергетика министри Таалайбек Ибраев Баткен облусуна жасаган сапардын алкагында “Кыргызстан улуттук электр тармагы” ААКнун филиалы Баткен электр тармактар ишканасынын жана Сүлүктү райондук электр тармактар ишканасынын жаңы салынып жаткан имаратынын курулушу менен таанышты. Бул тууралуу бүгүн, 19-январда Энергетика министрлигинен билдиришти.
Маалым болгондой, министр Таалайбек Ибраев курулуштун сапатына өзгөчө басым жасап, жумуштун сапаттуу жүрүшүн жана белгиленген мөөнөтүндө бүткөрүү тапшырмасын койду.
“Биз үчүн жаңы имараттын сапаттуу болуусу абдан маанилүү, курулуштун жүрүүсү убагында аяктап, имараттын ичи толук бойдон жаңы эмеректер менен камсыздалышы керек. Бул имаратты куруубуздун максаты Баткендеги энергетиктердин иштөөсүнө жакшы шарт түзүп берүү. Кызматкерлерге жакшы шарт түзүлсө, алардын жумушка болгон маанайы көтөрүңкү болуп, иш тез жана так аткарылат”, - деп баса белгиледи министр Т.Ибраев.
Эске салсак, “Кыргызстан улуттук электр тармагы” ААКтын каржылоосу менен 2023-жылдын сентябрь айында Баткен ЭТИнин жана Сүлүктү РЭТнин административдик имаратынын курулушу башталган. Учурда жумуштун биринчи этабына ылайык Баткен ЭТИнин жана Сүлүктү РЭТнин имаратынын курулушу кызуу жүрүүдө.