Бүгүн, 18-декабрда өкмөттүн Ош облусундагы өкүлчүлүгүндө район акимдеринин, райондук билим берүү башкармалыгынын жана өкмөттүн облустагы өкүлчүлүгүнүн аппарат мүчөлөрүнүн катышуусунда коллегиялык жыйын болуп өттү. Коллегиялык жыйындын жүрүшүндө облус аймагындагы мал чарбаны өнүктүрүү жана жайыт маселелери, жол тейлөө жана 2013-жылдагы облус аймагында аткарылып жаткан иштер тууралуу маселелер талкууга алынды.