Бүгүн, 20-январда "Ош" эл аралык аэропортунда коюу туманга байланыштуу аба каттамдары кармалууда. Бул тууралуу "Манас” аэропортунун басма сөз кызматынан билдирди.
Маалымдалгандай, аба майданында эртең мененки саат 10:00дөн тартып коюу туман каптаган. Учурда тумандан улам 30-33 метрден алыс аралыктагы жер көрүнбөй калган.
Аэропорт учуулардын убактысы тууралуу кошумча маалымат берилерин билдирди.