Бишкекте бүгүн, 18-декабрдагы парламенттин жыйынында “Мамлекеттик жөлөк пулдар жөнүндө” мыйзамга киргизилген толуктоолор талкууланды. Анда КСДП фракциясынын депутаты Дамира Ниязалиева ВИЧ илдетине кабылган балдардын ата-энелери жөлөк пул алууда тартынып жатышкандыгын айтты.
Анын айтымында, тургундар бирин-бири жакшы тааныган айылдарда жогорудагыдай окуялар көп катталат. “Мыйзам долбоордогу толуктоолордо алар үчүн жөлөк пулду төлөөнүн башка жолдору каралган”,- деди депутат.