Ооганстанда орусиялык жүргүнчү учагы кыйрады. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка караганда, учак 20-январда Ооганстандын Бадахшан провинциясындагы тоого кулаган. Индиядан Москвага бараткан Falcon 10B учагынын ичинде жалпысынан алты адам - төрт экипаж мүчөсү жана эки жүргүнчү болгону айтылат.
"Орусиянын тергөө комитети учак кырсыгы боюнча иш козгоду. Оперативдүү кызматтар учактын кыйроосунун ыктымал себебин аныктады. Алардын айтымында, учак техникалык мүчүлүштүктөн - эки кыймылдаткычтын иштен чыгышынан улам кулаган", - деп жазылат анда.
Ошондой эле учак Гая (Индия) - Ташкент (Өзбекстан) - Жуковский (Орусия) каттамы боюнча чартердик рейсин аткарып жатканы маалым болду. Учакты издөө иштери жүрүүдө, азырынча табыла элек. Экипаж мүчөлөрүнүн жана жүргүнчүлөрдүн эмне болгону белгисиз.