Талашта болуп келген "Аврора Гриндеги" 31 коттеж жана 2 корпус толугу менен мамлекетке кайтарылып, "Аврора" санаторийинин карамагына өткөрүлүп берилди. Бул тууралуу президенттин иш башкармалыгынын жетекчиси Каныбек Туманбаев социалдык тармактагы баракчасына жазды.
Ал ошондой эле бул коттеждерге жакын жайгашкан "Аврора" санаторийи да мындан бир жарым жыл мурда президенттин иш башкармалыгына өткөндөн кийин жакшы натыйжа бере баштаганын белгилеген.
"Санаторий толугу менен санариптештирилди, акылдуу кулпулар орнотулуп, накталай эмес төлөм жүргүзүүгө өттү. Эми кызмат акысын кардарлар онлайн төлөсө болот, бул кадам менен коррупциялык элементтер жоюлду. Санариптештирүү аркылуу Бишкектен эле санаторийге канча адам кирип чыкканын көзөмөлдөөгө мүмкүн болуп калды. Мындай кадам тааныш-билиштерин мурдагыдай бекер жаткырууга бөгөт койду", - деп жазды Туманбаев.