Ош облусунун аймагында 2013-жылдын 1-декабрына карата 258 сибирь жарасынын чордону аныкталган. Алай районунда 3, Араван районунда 22, Кара-Кулжа районунда 42, Ноокат районунда 1 жана Өзгөн районунда 146 мал жандыктардагы сибирь жарасынын бар экендиги белгилүү болгон. Бүгүнкү күндө алардын ичинен 162сине дезинфекция жүргүзүлүп, цементтелген. 146 жерге атайын белгилер коюлган. Бул тууралуу Өкмөттүн облустагы өкүлүнүн орун басары Ахмаджан Махамадов бүгүн, 18-декабрда коллегиялык жыйын учурунда билдирди.