Алмазбек Атамбаев “КРнын айрым мыйзам актыларына толуктоолорду киргизүү жөнүндө” мыйзамга кол койду. Бул туурасында КРнын Президентинин аппаратынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, аталган мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан үстүбүздөгү жылдын 14-ноябрында кабыл алынган. Мыйзамга ылайык Жогорку Кеңештин депутаттары, ошондой эле ага чакырылган жана аккредиттөөдөн өткөн адамдарга Жогорку Кеңештин имаратында курал алып жүрүүсүнө тыюу салынат.
Мыйзам расмий жарыялангандан тартып күчүнө кирет.